Бишкек мэриясы велосипедчилер үчүн атайын токтотмолорду ишке киргизгенин шаар башчысы Кубанычбек Кулматов бүгүн өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында жарыялады. Шаар активисттеринин демилгеси менен алгач Бишкек мэриясынын кире беришине атайын велотоктотмолор орнотулду.
Кулматов мэриянын кызматкерлерине жана конокторго эми велосипедин токтотууга шарт түзүлгөнүн, кийинки кадам велосипед үчүн атайын жолдорду куруу болоорун билдирди. (SA)
Кулматов мэриянын кызматкерлерине жана конокторго эми велосипедин токтотууга шарт түзүлгөнүн, кийинки кадам велосипед үчүн атайын жолдорду куруу болоорун билдирди. (SA)