Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Кумтөр боюнча келишимдер даярдалууда


Бул тууралуу “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров билдирди. Анын айтымында, “Центерра Голддун” өкүлдөрү менен биргеликте экологиялык жана корпоративдик башкаруу боюнча келишимдердин үстүндө иш жүрүүдө. "Өкмөттүн алмашуусу бул иштерди бир кыйла токтотуп койду эле, эми кайрадан жанданды" деп белгиледи Шакиров. “Центерра Голддун” жетекчилигин тынчсыздандырган жаңы жагдай Кыргызстанда кабыл алынып жаткан “Мөңгүлөр жөнүндөгү” мыйзам менен жаралууда. Бул мыйзам кабыл алынса, Кумтөрдүн иши токтоп калыш мүмкүндүгүн Шакиров четке каккан жок. (AiT)

XS
SM
MD
LG