Быйыл күзүндө Кыргызстанда пенсия көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Социалдык фонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын бюджетинде пенсияны 8 пайыз көбөйтүү каралган, бирок 10 пайызга жеткирүү аракети көрүлүүдө.
Пенсия маселесин бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Соцфонд жетекчилиги менен талкуулады. Мамлекет башчы инфляциянын деңгээлин эске алууну, 1-2-топтогу майыптардын акчасын көбөйтүүнү талап кылды.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 4432 сом. (RK)