Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:07

Иракта дагы он адам бейажал өлдү


Саадия шаарында удаа-удаа жарылган бомбалардан бери дегенде 10 адам өлүп, 20 киши жарадар болгону маалымдалды. Саадия Ирактын түндүгүндөгү талаштуу шаар. Күрт автономиясы борбордук өкмөттүн каршылыгына карабай шаарды өзүнө кошуп алууга аракеттенип жүрөт. Бир күн илгери, 28-апрелде Саадияга коңшулаш Канакин шаарчасында жанкечти жардырган бомба 30 адамдын өмүрүн алган.

Ирак өтө кандуу мезгилди баштан кечирүүдө. Жыл башынан бери түрдүү калабада 3 миңге чукул адамдын өмүрү кыйылды.

Эртең, 30-апрель Иракта парламенттик шайлоо күнү. Шиит көпчүлүгү колдогон премьер-министр Нури Малики үчүнчү мөөнөт бийликте калууга аракеттенүүдө. Сынчылары Маликини бийликти монополиялап алды, аз улуттарды кысууда деп күнөөлөшүүдө.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG