Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Британияда кыргыз жазуучусунун китеби басылды


Кыргызстандык жазуучу Шахсанем Сартова-Мүррейдин англисче жазылган "Ыйык ашуулардын издери" (Finding the Holy Path) чыгармасы Британияда жарык көрдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" автор өзү кабарлады. Китептин бет ачары 8-майда англис борбору Лондондун чок ортосунда өтөт. Бул – Сартова-Мүррейдин биринчи көркөм чыгармасы.

Британ падышалыгынын курамына кирген Шотландияда жашаган Сартова-Мүррей буга чейин белгилүү кыргыз фантаст жазуучусу Бегенас Сартовдун "Мамыры гүлдөгөн маалда" чыгармасын англис жана орус тилдерине которгону маалым.

Китепте кыргыз жана шотланд маданияттарынын жана салт-санааларынын окшоштугу, тарых жана сүйүү темалары чагылдырылган. "Ыйык ашуулардын издери" чыгармасы шотланд борбору Эдинбургда кокустан табылган эски чырактан жана ал чырак Фергана өрөөнүнөн Шотландияга кандайча барып калганынан башталат. Көркөм чыгармада Тагай бий менен бухаралык бийкеч Тамчынын сүйүүсү, уруулардын карым-катнашы да баяндалат. (BAz)

XS
SM
MD
LG