Кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал толук жөнгө салына элек. 8-майда эл менен жолукканы барган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевди жергиликтүү тургундар талаптарын аткаруу талабы менен бошотпой жатат. Шаршембинин кечинде Баткендин Көк-Таш айылына жакын жердеги чек арада кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, кырдаал кескин курчуп кеткен эле.
Баткен: чек арада кырдаал курч
![Чек арадагы Жака-Өрүк деген жерде топтолуп турган эл, 8-май. ](https://gdb.rferl.org/d7e48110-a5a5-4417-a840-331ffbad0d3b_w1024_q10_s.jpg)
1
Чек арадагы Жака-Өрүк деген жерде топтолуп турган эл, 8-май.
![Кыргыз-тажик чек арасында тутанган жаңжалдан кыргыз тараптан ондон ашуун адам жаракат алып, дүкөндөр жана унаалар өрттөлдү.](https://gdb.rferl.org/9274d2e8-e28c-4721-92bb-384aa683f316_w1024_q10_s.jpg)
2
Кыргыз-тажик чек арасында тутанган жаңжалдан кыргыз тараптан ондон ашуун адам жаракат алып, дүкөндөр жана унаалар өрттөлдү.
![Жергиликтүү тургундар эл топтолгон жерге баратышат. Көк-Таш айылы, 8-май.](https://gdb.rferl.org/4613fd50-36ba-4ddc-b2ed-2a8afde36937_w1024_q10_s.jpg)
3
Жергиликтүү тургундар эл топтолгон жерге баратышат. Көк-Таш айылы, 8-май.
![Чек арада турган кыргыз аскерлери, Жака-Өрүк, 8-май.](https://gdb.rferl.org/c7332ab3-ab76-4ada-950f-91a90b73ee5c_w1024_q10_s.jpg)
4
Чек арада турган кыргыз аскерлери, Жака-Өрүк, 8-май.
![Түнкү жаңжалдан жабыркаган кыргыз жараны, Жака-Өрүк, 8-май.](https://gdb.rferl.org/5939fa83-babf-4039-932b-c1a6feed11e9_w1024_q10_s.jpg)
5
Түнкү жаңжалдан жабыркаган кыргыз жараны, Жака-Өрүк, 8-май.
![Жабыркагандарды Тез жардам алып кетүүдө.](https://gdb.rferl.org/8a3d0fdf-60c9-47c3-83c3-12023aa99580_w1024_q10_s.jpg)
6
Жабыркагандарды Тез жардам алып кетүүдө.
![Чек арага топтолгон эл жолугушууга барган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевди ээн үйгө камап салышты. Жака-Өрүк, 8-май.](https://gdb.rferl.org/29bd6ba2-278f-4566-bbd5-6e54a645fac9_w1024_q10_s.jpg)
7
Чек арага топтолгон эл жолугушууга барган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевди ээн үйгө камап салышты. Жака-Өрүк, 8-май.
![Вице-премьерди кармалып турган үй.](https://gdb.rferl.org/20e3e9b3-0f32-47a7-8832-48beefe3b09a_w1024_q10_s.jpg)
8
Вице-премьерди кармалып турган үй.
![Жаке-Өрүктүн тургундары айланма жол салып, чырга себепкер тажик жарандарын жоопко тартууну талап кылууда.](https://gdb.rferl.org/6d2425d7-b0d3-414b-b9ae-edeeb2d4d5b4_w1024_q10_s.jpg)
9
Жаке-Өрүктүн тургундары айланма жол салып, чырга себепкер тажик жарандарын жоопко тартууну талап кылууда.