Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

ЖК: чек ара боюнча штаб түзүү сунушталды


Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. 17-декабрь, 2013-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. 17-декабрь, 2013-жыл.

Баткенде чек арадагы соңку окуя боюнча 8-майда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү маалымат берди. Жыйындын талкуу бөлүгү жабык өттү.

Айрым депутаттар өкмөттү “чек ара маселесин чечүүдө чабал болууда” деп сындады. Коопсуздук маселелерине жооп берген вице-премьер-министр Баткенде болсун, чукул чаралар үчүн атайын штаб түзүлсүн деген сунуш айтылды.

Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү Жогорку Кеңеште Баткенде чек арадагы соңку жаңжал боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жатат деп маалымат беришти.

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев милициядан кошумча күч барганын айтты:

- Милициянын атайын полкунун 200 кызматкерин ошол жакка жайгаштырдык. Тажик жетекчилерине кайрылдык. Алардын облустук милиция башчысы Назаров келип окуя болгон жерде жүрөт. Тажиктердин жетекчилиги өрттөлгөн эки камазды, цемент саткан үч контейнердин чыгымдарын төлөп беребиз деп айтып жатышат.

Милициянын маалыматы боюнча чыр 7-майда кечке жуук тутанган. Тажикстандын Кожалы айылы жакка тажик жаранын жеткирип барган кыргыз жаранын коңшу өлкөнүн күч органынын кызматкери сабап салган. Бул окуядан соң эки тараптан тең жаалданган эл чогулуп, таш атуу, кыргыз жарандарына таандык мүлктү өрттөө болгон. Кыргыз тараптан 17 адам жабыркап, 9у ооруканага түштү. Бирөөнүн абалы оор.

Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөмбиевдин билдиришинче, ушул тушта Ак-Сайда жол жабык турат, чек араны кайтаруу күчөтүлдү:

- Кызыл-Бел айылынын 20-30 тургуну топурак төгүп, жолду жаап койду. Ак-Сайдан Ворухка эч ким өткөн жок. Кожалыда Ак-Сайга электр тогу берилген карагай кулап, свет жок. Ушул себептен аксайлыктар жолду жаап, эч кимди өткөрбөйбүз деп жатат. Чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарып жатабыз.


Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкекте тажик элчисине соңку окуя боюнча нота тапшырды. Анда тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагындагы мыйзамсыз иш-аракеттерине камтамачылык билдирилген, ошондой эле бул окуяга тиешеси барларга чара көрүү талабы айтылган. Анын алдында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев парламент жыйынында дипломатиялык чаралар көрүлүп жатканын маалымдаган эле:

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовго нота тапшырганы белгилүү болду. 8-май, 2014-жыл.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовго нота тапшырганы белгилүү болду. 8-май, 2014-жыл.
- Мен жакында Тажикстандын тышкы иштер министри менен жолугам. Ушул маселени сөзсүз көтөрөбүз. Бул жаңжалдын себеби делимитацияга байланыштуу. Ворух анклавын айланып өтчү жолду куруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек.

Парламенттин жыйында өкмөт Баткен боюнча Жогорку Кеңештин токтомун дээрлик аткарган жок деген сын айтылды. Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаковдун пикиринде, күчтүн баары чек арага бурулушу керек деп эсептейт:

- Жаз болгондон тарта машыгууга деп туруп ошол жакка күчтөрдүн баарын алып барып отургузуп койсо эл дагы сестенет болчу. Андан сырткары чек арага бул жерден өткөндөргө курал колдонулат деген жазуулар турушу керек эле. Андан сырткары эки өлкөнүн өкмөт башчылары, президенттери отуруп достук маанайда ушул жерди ушундай чечели, ушундай мыйзамдарыбыз бар экен, ушул жерди мобул жерге алмашалы, деп адамгерчиликтүү чечсе мындай маселелер болбойт эле.


“Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов атайын штаб түзүлсүн, коопсуздук маселелерине жооп берген вице-премьер-министр такай Баткенде болсун деген сунуштарды колдоп жатат:

- Коопсуздук маселелери боюнча өкмөт башчынын орун басары өрт өчүргүчтөй болуп калып жатат. Биз ал киши ошол жакта отурсун деп жатабыз. Азыр биз Баткен облусунун макамы боюнча мыйзам даярдап жатабыз. Жакында талкууга алып чыгабыз. 20 жылдан ашык убактан бери топтолуп калган маселе деп токтотуп койбошубуз керек. Мунун акырына чыкпасак өлкө эгемендигине зыян болот. Ал жерде акыбал оор. Өкмөт Жогорку Кеңештин токтомун аткарышы керек. Депутаттар барган менен эч нерсени чече албайбыз. Такай иштей турган штаб түзүп, маселелердин чечилишин талап кылышыбыз керек.


Соңку учурда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал күчөдү. Мындан 3-4 күн мурдараак эле Ак-Сайда жол тосулуп, кайра ачылган. Ага Улар жайлоосуна мал айдап бараткан аксайлыктарды тажик жарандыр Ворух аркылуу өткөрбөй койгону себеп болгон эле.

XS
SM
MD
LG