Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Аба ырайы


Шашылыш эскертүү:

20-22-майда Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

22-23-майда түнкүсүн Кемин, Талас өрөөндөрүндө, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде 0…-2 үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге жана жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Аба ырайы:

20-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын секундасына ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 15...20,
Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 20...25,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 14...19,
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус болот.

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 17…19 градус болот.

XS
SM
MD
LG