Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Бажы биримдигине каршы чыккан активистти милиция кармап кетти


Жогорку Кеңештин алдында Бажы биримдигине каршы акция уюштуруучуларынын бири Алмаз Тажыбайды милиция кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” акция катышуучусу Бурул Макенбаева билдирди. Анын айтымында, аталган акцияны өткөрүү тууралуу Бишкек шаардык мэриясына кабар берилип, уруксат алынган болчу. Буга карабай Тажыбайды ким экенин аныктайбыз деген жүйө менен борбордун Биринчи Май райондук милициясында кармап турушат. Муну жарандык активисттер бийликтин Бажы биримдиги тууралуу маалыматты жашыруу аракети катары баалоодо. Макенбаева бүгүн Жогорку Кеңеште өтчү Бажы биримдиги боюнча парламенттик угууга көпчүлүк активисттер киргизилбей жатканын да кошумчалады.

Буга чейин Алмаз Тажыбай баш болгон мамлекеттик органдардын Байкоочу кеңештеринин мүчөлөрү жана жарандык активисттер өкмөткө кайрылып, Бажы биримдиги тууралуу коомчулукка кенен маалымат берүүнү жана талкуу өткөрүүнү талап кылган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG