Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Нигерия “Боко Харам” боюнча БУУга кайрылуу жолдоду


Нигерия парламенти шейшемби күнү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы үч штаттагы өзгөчө кырдаал абалын дагы жарым жылга созууну чечти. Эл өкүлдөрү мындай чарага экстремисттердин зордук-зомбулугунун күчөшүнөн улам барып жатканын маалымдашты.

Мурдараак Нигерия Бириккен Улуттар уюмуна “Боко Харам” радикалдык тобун террористтик уюмдардын тизмесине кошууну сураган.

БУУнун дипломаттарынын бири “Reuters” агенттигине билдиргендей, расмий кайрылуу Коопсуздук Кеңешинин “Ал-Каида” менен каршы күрөшкөн комитетине келип түшкөн. Эгер комитеттин 15 мүчөсү тең колдосо “Боко Харам” “кара тизмеге” киргизилет.

Өткөн айда “Боко Харамдын” активисттери Нигерияда 300гө жакын окуучу кызды уурдап кеткен. Алардын айрымдары качып чыгууга үлгүрсө, көбү "Боко Харамдын" колунда кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG