Кытайда Шанхай саммити өттү
24 мамлекетти бириктирген Азиядагы кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин 4-саммити "Бейпил, стабилдүү жана кызматташтык өнүккөн жаңы Азияда диалог, ишенимди бекемдоо" деген ураан алдында өттү. Жыйынга Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Иран, бардыгы 10дон ашуун мамлекет жана өкмөт лидерлери, Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун баш болгон ондогон эл аралык бирикмелердин жетекчилери катышты. (Тасманы президенттин басма сөз кызматы сунуштады)