Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Тажик элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтүүдө


Нааразылыкка чыккандар Кыргызстанда жашап жаткан бадахшандыктар. Алар Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы Хорог шаарындагы тартип коргоочулардын аракетине байланыштуу тажик бийликтерине нааразылыгын билдирүүдө.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Марат Мамадшо “Азаттыкка” окуялар аймактагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн өз убагында чечилбегенинен чыгып жатат деп билдирди. Акция жүрүшүндө Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовго көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштар тапшырылды.

21-майда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы Хорог шаарындагы башаламандыктан 3 адам каза болуп, 5 адам жараат алган эле. Анда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылышып, облустук соттун жана милициянын имараты өрттөлгөн (SA/UEz)

XS
SM
MD
LG