Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Тоолуу Бадахшандагы кагылышта 1 адам окко учту


Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 24-майга оогон түнү болгон кагылыштан 1 адам өлүп, эки адам жарадар болду.

“Азаттыктын” тажик кызматынын билдиришинче, жергиликтүү адамдар Хорогдогу Коопсуздук кызматынын кеңсесин басып алууга аракет кылган. 21-майда маң аткезчилери менен полиция ортосунда болгон аткылашуудан кийин нааразылар Хорогдун борбордук аянтын ээлеп алышкан. Аткылашууда эки адам өлүп, бирөө жараат алган.

Күбөлөрдүн айтымында, түндө адам өлгөндөн кийин, нааразылардын бири Коопсуздук кызматынын кеңсесине граната ыргытып, башкалар ок атышкан.

Тажикстан күнкорсуз өлкө болгондон берки 23 жылда Тоолуу Бадахшанда жана Хорог шаарында бекем бийлик орното албады. Аймакта курал жана маң аткезчилери өтө активдүү.

XS
SM
MD
LG