Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Орусия Канттагы авиабазасын чыңдап жатат


Бул тууралуу орус коргоо министри Сергей Шойгу Москвадагы эл аралык коопсуздук боюнча конференцияда билдирди. Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий сайтында жазылган билдирүүгө караганда, конференциядагы сөзүндө Шойгу акыркы учурда Тажикстан менен Кыргызстандагы орус аскер базаларын чыңдоо боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдаган. Ага ылайык, Канттагы Орусиянын авиа базасындагы учактардын саны көбөйтүлгөн. Орус коргоо министри мындай аракеттер Ооганстандагы абал курчуп кетсе ЖККУга мүчө болгон өлкөлөрдүн коопсуздугун сактоого багытталганын белгилеген.

Буга чейин Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларынын аскерий кубатын бекемдей турганы кабарланган болчу. Ага ылайык, Кант базасына МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак жана Су-25 үлгүсүндөгү учактар алынып келгени маалымдалган. Канттагы авиабаза Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна таандык болгону менен аны толугу менен Орусия иштетет.(BkA)

XS
SM
MD
LG