Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Нурак Абдырахмановдун сөөгү шейшембиде жерге берилет


Нурак Абдырахманов.
Нурак Абдырахманов.
Белгилүү күүчү, комузчу, Кыргыз эл артисти Нурак Абдырахмановдун сөөгү эртең - шейшемби күнү жерге берилет. Маданий ишмер 26-майга караган түнү 67 жаш курагында дүйнө салды. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги улуттук филармонияда өтөт.

Нурак Абдырахманов 1947-жылы Нарындын Ак-Талаа районунда туулган. Кичинесинен күүгө жакын болуп, 12 жашында “бала комузчу” аталып, сахнага чыга баштаган. Ал бир топ жыл «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамблинин комузчулар тобуна жетекчилик кылган.

2004-жылы Бишкекте “Устат-шакирт” мектебин ачып, балдарды комузчулукка үйрөтүп келди. (SE)

XS
SM
MD
LG