Шинжаң: 9 киши өлүм жазасына кесилди
6-июнда Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда “террордук” кылмыштарга айыпталган тогуз кишиге өлүм жазасы чегерилгенин мамлекеттик маалымат агенттиги көрсөттү. Үрүмчү жана Кашкар шаарларындагы соттордо 81 кишиге “террористтик уюмдарга” жана алты шаардагы башаламандыктарга тиешеси бар деген айыптар тагылды. Жазага тартылгандардын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар.