Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Ооганстанда Абдулланын кортежи минага кабылды


Ооганстан -- Абдулла Абдулла шайлоо өнөктүгүндө, 6-июнь, 2014
Ооганстан -- Абдулла Абдулла шайлоо өнөктүгүндө, 6-июнь, 2014
Ооганстандын президенттигине талапкер Абдулла Абдуллага кол салуу аракети болду. Кош кабат жасалган бомба чабуулунан төрт адам өлгөнүн, ал эми Абдулла аман-соо экенин Ички иштер министрлигинин өкүлү Сыдык Сыдыки маалымдады:

- Бул террордук чабуул болду. Бирок Кудайга шүгүр, доктор Абдулла жана анын командасынан эч ким жарадар болгон жок. Баары эсен-соо.

Абдулла түшкөн автомобиль бомбага кабылганда ал Элдик ислам биримдиги партиясынын Кабылдын батыш бөлүгүндө болгон жыйынынан кетип бараткан.

Президенттикке экинчи талапкер, Ооганстандын мурдакы финансы министри Ашраф Гани бомба чабуулун айыптап, “өлкөдөгү демократиялык жараяндын душмандарынын кыянаттыгы” деп атады.

Шайлоонун биринчи турунда Абдулла Абдулла добуштардын 42 процентин, Ашраф Гани 38 процентин алган. Президенттик шайлоонун жыйынтыктоочу экинчи айлампасы 14-июнда болот.

XS
SM
MD
LG