Ош: дайынсыз жоголгондорго эстелик ачылды
Ош шаарында бүгүн төрт жыл мурдагы июнь коогасынын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Эскерүү "Энелердин көз жашы" эстелигинин алдында Куран окуу жана гүлчамбар коюу менен башталды. Анын жанында дайынсыз жоголгондор үчүн бешик формасындагы эстелик такта да ачылды. Ага июнь коогасында Ош шаарынан жана облусунан дайынсыз жоголгон 28 адамдын аты-жөнү жазылган. Бул 28 адамдын 13үнүн дагы деле өлүү-тирүүсү белгисиз. Калгандарынын сөөгү табылган.
Чыгарылыштар
-
Февраль 19, 2026Баткен: Элге жер бөлүштүрүлө баштады
-
Февраль 18, 2026Баткен: Аялдардын өнүгүүсүнө өбөлгө болгон демилге
-
Февраль 07, 2026"Мээнет текке кетпесе". Абалы арсар автомектептер