Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Кыргыз-казак чегиндеги Каркыра жайлоосуна милиция бекети орнотулду


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Түкебаев билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылы бул постко 67 миң сомдун тегерегинде каражат бөлүндү. Ал бекетте иштеген милиция кызматкерлерине тиешелүү шарттарды түзүүгө жана күйүүчү майга каралган.

Каркыра жайлосу Казакстан менен чектеш болгондуктан мал уурулук да көп болот. Бул пост мал уурдоонун алдын-алуу жана кылмыш фактыларын жеринде ачуу үчүн коюлду.

Мындай пост жыл сайын жайкысын бул жердеги кыргыз-казак чек арасы ачылган учурда коюлуп келген. Бирок ага бөлүнгөн милиция кызматкерлери жата турган жер жок болгондуктан, алар малчылардын үйлөрүндө жашап иштечү. Учурда чек арадагы Түп - Кеген жолу ачылды. (MKo)

XS
SM
MD
LG