Кыргызстандагы балдарды окутууга шарты бар бардык мечит, медреселерде мектеп окуучулары үчүн жайкы окуулар уюштурулду. Анда балдарга ислам дининин негиздери тууралуу сабактар берилип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" муфтияттын маалымат катчысы Асан Саипов кабарлады. Анын айтымында, жалпы өлкө боюнча бул окууларга канча окуучу катышып жатканы боюнча азырынча так маалымат жок, бирок ар бир мечитте жок дегенде 10-15тен бала окуп жатат.
Бул окуулар атайын мектеп окуучуларынын бош убактысына - жайкы эс алуу маалына туштап уюштурулду. Анда ата-энелер өз каалоосу менен жиберген балдар өздөрүнө ыңгайлуу учурду тандап, диний таалим алууда.
Жайкы окуулар исламдагы салттуу ханафи мазхабын жайылтуу менен бул боюнча өлкөнүн Коргоо кеңеши кабыл алган чечимдерди аткарууну көздөйт. Быйыл февралдын башында Коргоо кеңеши президенттин катышуусунда өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулаган. Анда диний абал татаал деп бааланып, Кыргызстанда салттуу саналган ханафи мазхабын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленген. (SM)