Бүгүн Украинанын Мариупол шаарында чек арачылардын унаалары аткылоого кабылып, үч чек арачы окко учту. Дагы төрт чек арачы жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Чек ара кызматынын өкүлү Олег Слободян кабарлады. Буга чейин жергиликтүү сайттар гранатомет менен аткылоодон эки адам мерт кеткенин жазып чыккан. Gorlovka.ua сайтынын жазышынча, Горловкадагы милициянын имараты абадан аткыланып, үчүнчү жана төртүнчү кабаттары күйүп кетти. Мындан бир адам набыт болуп, алты адам реанимацияда жатканын Горловка шаардык кеңеши билдирсе, Донецк облус бийликтери жети адам жараат алып, анын экөө каза болгонун кабарлады.
Буга чейин орусиячыл жикчилдер ээлеп турган Мариупол шаарын кечээ өкмөттүк күчтөр кайтарып алып, президент Петро Порошенко Донецк облустук бийлигин бул шаарга убактылуу көчүүгө буйрук берген.
Буга чейин орусиячыл жикчилдер ээлеп турган Мариупол шаарын кечээ өкмөттүк күчтөр кайтарып алып, президент Петро Порошенко Донецк облустук бийлигин бул шаарга убактылуу көчүүгө буйрук берген.