Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

HRW Тажикстанда кармалган иликтөөчүгө камтамачылык билдирет


"Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму Канадада жашаган тажик изилдөөчүнүн Хорог шаарында тыңчылыкка шектелип кармалышына байланыштуу тынчсыздануу менен билдирүү таратты. 19-июнда бул уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон тажик бийликтери Александр Мурадович Содиковду чыгарып, же болбосо ага айып тагып, адвокат алууга мүмкүнчүлүк берүүсү зарылдыгын айтты.

Мындай билдирүүгө чейин Хорогдун жергиликтүү телеканалынын Содиков тууралуу кесип оңдолгон 10 мүнөттүк видеосунда изилдөөчү өзүнүн илимий иштери жөнүндө жана Хорогдогу оппозиция активисттери менен жолукканы көрсөтүлөт.

31 жаштагы Содиков Канадада туруктуу жашаган Тажикстандын жараны. Ал Канаданын Торонто жана Британиянын Эксетер университеттеринде жүргүзгөн илимий иштеринин алкагында Борбор Азияга келгенин айтат.

XS
SM
MD
LG