"Азаттыктын" жаңылыктары, 23-июнь
Пакистандык таасирлүү динаятчы Тахирул Кадринин учагы Исламабадга кондурулбаганы баш калаада анын тарапкерлери менен полициянын кагылыштарына алып келди. Орус өкмөтүнүн жаңы токтомуна ылайык, тажик жарандары жаңы жылдан тарта Орусияга чет өлкөлүк паспорту менен гана кире алышат. Өзбек президенти Ислам Каримовго аты уйкуш небереси орус телеканалына маегинде таятасы менен апасы Гүлнара Каримованын чыры тууралуу учкай маалымат берди. Ушул жана башка Борбор Азия жаңылыктары "Азаттыкта".