Баткенде бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү чек ара маселелерин талкуулап жатат. Облустук драма театрынын алдына чогулган 40ка жакын адам бийликтен көйгөйдү тезинен чечүүнү талап кылууда. Иш-чараны уюштургандардын бири “Эркин эл” партиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, жыйынды облустук драма театрына өткөрүү пландалып, ижара акысы төлөнгөн. Бирок театр жетекчилиги бүгүн эс алуу күнү деген жүйө менен эшикти ачуудан баш тартты.
Жыйында чек ара көйгөйүнөн сырткары Бажы биримдигинин пайда-зыяны, аймактагы суу, жол маселеси да көтөрүлүүдө. (BkA/JsA)
Жыйында чек ара көйгөйүнөн сырткары Бажы биримдигинин пайда-зыяны, аймактагы суу, жол маселеси да көтөрүлүүдө. (BkA/JsA)