Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Украинанын чыгышында элдешүүнүн мөөнөтү аяктады


Бүгүн Украинанын чыгышында убактылуу элдешүүнүн мөөнөтү аяктап жатат, ал арада Киевде бул келишимди кайра узартууга каршылык күч алууда. Европа Биримдигинин лидерлери кечээ орус, украин президенттери менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн эле. Телефон аркылуу өткөн жыйында Франция менен Германиянын жетекчилери Владимир Путин жана Петро Порошенко менен эки саат сүйлөшүшкөн. Франциянын президенттик кеңсесинен алар «коопсуздук боюнча жаңы конкреттүү чаралар менен катар, убактылуу элдешүүнүн мөөнөтүн узартуу жана Украина сунуш эткен тынчтык планын ишке ашыруу керектигин» талкуулашканын бышыктады. Кремлден төрт лидер Порошенкону элдешүүнүн мөөнөтүн эртеңден тартып узартууга чакырышканын билдиришти. Киевде кечээ ошондой эле он миңдеген демонстрант бүгүн кечинде мөөнөтү аяктап жаткан элдешүүдөн баш тартууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG