Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Молдовада орус телеканалдары убактылуу көрсөтүлбөй калды


Молдованын телерадиоберүүлөр боюнча координациялык кеңеши “Россия-24” каналынын өлкө ичинде обого чыгуу лицензиясын жарым жылга токтотту.

Кеңеш ошондой эле Орусиянын “Биринчи канал”, “РТР-Планета” жана РЕН - ТВ каналдарын көрсөткөн төрт молдова телеканалына санкция киргизди.

Мындай чечимдин себебин кеңеш “жаңылыктардагы пикирдин плюрализми сакталбагандыктан” деп түшүндүрдү.

“Интерфакс” агенттигине берген маегинде, кеңештин мүчөсү Дину Чокан “Россия-24” каналын мисал келтирип, Украинанын чыгышындагы жаңжалды бир тараптуу чагылдырган деп билдирди.

XS
SM
MD
LG