Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Парламент алдында электрге баанын көтөрүлүшүнө каршы акция өтүүдө


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин имаратынын алдында электр энергиясына баанын көтөрүлүшүнө каршы акция өткөрүүдө. Ал акцияны “Чырак” деп атап, колуна чырак кармап парламент имаратын айланып жатат. Жарандык активисттин айтымында, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын себептеринин бири дал ушул электр энергиясына баанын көтөрүлүшү болгон. Ал акция аркылуу бийликтерге өткөн күндүн сабактарын унутпоого чакырып жатат.

Буга чейин өкмөт электрди үч фазадан алгандарга бааны 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүүнү жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүү принцибин өзгөртүүнү сунуштап чыккан. Бирок парламентте бул маселе карала турган күнү кайра артка чакыртып алган. Ошол эле учурда Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, мындан соң электрге тарифти депутаттардын макулдугусуз эле өкмөт өзү бекитет.(BkA)

XS
SM
MD
LG