Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Порошенко футбол чемпионатынын финалына барбайт


Украинанын президенти Петро Порошенко дүйнөлүк футбол чемпионатынын жабылыш салтанатына барбайт. Ал башка мамлекеттердин президенттери менен катар эле Бразилиянын президенти Дилма Руссеффтен салтанатка чакыруу алган эле. Порошенконун маалымат кызматынын кабарлашынча, ал Украинадагы азыркы жагдайды эске алып, дүйнөлүк чемпионаттын финалына баруу мүмкүн эместигин билдирген. Бүгүн Аргентина менен Германия биринчилик үчүн таймашат. Бул беттешүүгө жана чемпионаттын жабылуу аземине Орусиянын президенти Владимир Путин да катышат.

Футбол боюнча кийинки дүйнөлүк чеипионат 2018-жылы Орусияда өтөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG