Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

АКШда сот Царнаевдин досун айыпка жыкты


Азамат Тажаяков (солдо), Диас Кадырбаев (ортодо), Жохар Царнаев (оңдо) - сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Азамат Тажаяков (солдо), Диас Кадырбаев (ортодо), Жохар Царнаев (оңдо) - сүрөт качан тартылганы белгисиз.

21-июнда 12 арачы сот катышкан процесс өткөн жылы Бостондо болгон жардырууга шектелген ага-ини Царнаевдердин таанышы, казакстандык жаран Азамат Тажаяковду кылмышты иликтөөгө тоскоолдук жасаган, далилдерди жок кылган деген негизде күнөөлүү деп тапты. Эгер бул чечимди федералдык сот колдосо, анда Тажаяков 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. 20 жаштагы казак жигиттин туугандары болсо сотто анын акталаарына үмүттөнүүдө.

Өткөн жылдын 15-апрелинде Бостон шаарындагы марафон маалында болгон жардырууга шектүү делген Жохар Царнаевдин досу, Казакстандын жараны Азамат Тажаяков кандуу окуядан кийин Жохардын жатаканадагы бөлмөсүнөн жардыруучу заттар салынган асынма баштыкты алып чыгып, таштандыга ыргыткан, аны менен тергөөгө тоскоолдук кылган деп табылды. Судья буга чейин Царнаевдин лэптоп компьютерин дагы жоготкон деген айып казак жигиттен алынып салынганын айтты.

Азаматтын атасы Амир Исмагулов
Азаматтын атасы Амир Исмагулов

Америкалык маалымат каражаттары сот чечимин окуп жатканда Азаматтын энеси Турсунай ыйлап жиберсе, атасы Амир Исмагулов демин ичине алып, каны-сөлү качып отурганын жазышты. Кара костюм-шым кийип, галстук тагынган Азамат Тажаяков адвокаттарынын ортосунан орун алды. "Акыйкаттык үчүн жаратканга жалынып отурабыз, сот биздин үнүбүздү угаарына ишенебиз”, деди Амир Исмагулов СNN телеканалына берген маегинде.

Кошмо Штаттардын прокурору Кармен Ортис процесс бүткөндөн кийин, тышта топтолгон журналисттерге соттун чечимине ыраазы болуп турганын айтты. “Соттун мүчөлөрүнө бул ишке жасаган кылдат мамилеси үчүн ыраазылык билдиргим келет. Алар өз ишин өтө жоопкерчилик менен аткарышты, бул үчүн терең алкыш" деген прокурор өз кесиптештерине, ФБРдин терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн агенттеринин тоодой эмгегине жана өжөрлүгүнө ыраазы экенин билдирди.

Прокурор Ортис менен чогуу кабарчылардын алдына чыккан Федералдык иликтөөлөр бюросунун агенти Винс Лиси "Бул ишке көз салып жүргөндөр иликтөөчүлөр, андан кийин прокуратура кандай чоң иш жасаганын жакшы билет. Соттун мындай чечимин уккан соң, жасалган ишиңе канааттанып, алдыга канат байлагандай болосуң", – деп ынтызарлык менен прокурорду коштоду.

Азамат энеси Турсунай Исмагулова менен
Азамат энеси Турсунай Исмагулова менен

Азамат Тажаяковдун туугандары октябрь айында боло турган сот аны актаарына үмүттөнүп турганын айтышат. Азаматтын аталаш эжеси Майра Исмагулова «Азаттыктын» казак кызматына «Азаматты бала чагынан бери билем, анын айыбы жоктугуна толук ишенем жана аны такай колдойм», - деп инисин таалим тарбиялуу жигит катары мүнөздөдү. Эжесинин айтканына караганда, Азамат АКШдан окуп, өз мекенинде атасынын мунай бизнесинде иштейм деген максатта алыска кетиптир.

Азаматтын жакындары менен достору түзгөн интернет сайтта анын жакшы үй-бүлөдө өсүп, эч кандай кылмыштуу иштерге аралашпаганы, саясатка кызыкпаганы, алыскы өлкөгө “мунай казууну жана бургулоону үйрөнүү ниети менен кеткени” жазылган.

«Америкада сот сатылбайт»

Интернеттеги социалдык сайттарда Бостондогу соттун чечими кызуу талкууланды. «Баары бүттү, айыптуу деп табылды, эми эч нерсе жардам бере албайт. АКШда сот – биздин сот эмес, аны сатып ала албайсың. Ал жерде бардыгы акыйкат. Аларды аяп турсам дагы бейкүнөө адамдардын канына зобун болуу кечиримсиз. Адилет чечим”, - деп жазды Айсел Доскалиева. “Алар өлтүргөнүнө ишенесизби?” деп Айдана Жантаева ага суроо узатса, “Киши өлтүргүчтү билип туруп, а балким аңкоолуктан жаап жашырышкан, муну сот далилдеди, буга кенедей дагы шегим жок” деп жооп берди.

Массачусетс университетинин мурунку студенти 20 жаштагы Азамат Тажаяковго соттун өкүмү 16-октябрда чыгат.

Boston Globe гезити Тажаяков тергөөгө тоскоолдук кылганы үчүн 20 жылга, кылмыштуу уюшмага аралашканы үчүн дагы 5 жыл абакка кесилиши мүмкүн деп жазып чыкты. Британиянын Guardian гезити болсо беш жылга чейин эркинен ажыратылып, 250 миң доллар айып салынат деп боолголойт.

Башка шектүүлөр

Ага-ини Царнаевдер менен жакындан тааныш болуп, кандуу жардыруу боюнча кылмыш ишке тиешеси бар делип дагы бир казакстандык жаран Диас Кадырбаев кармалган. Эки казак жигит Жохар Царнаев менен Массачусетс университетинде таанышкан, Диас дагы кылмыштын далилдерин жоготкон деп айыпталууда.

Май айынын этегинде тергөөчүлөр 23 жаштагы кыргызстандык Хайрулложон Матановду да Царнаевдердин иши боюнча ФБРге жалган көрсөтмө берген, далилдерди жоготкон деген кине менен камакка алды. Ал эми 100 миң доллар күрөөгө коюлуп бошотулган, жалган көрсөтмө берген деп айыпталып жаткан америкалык Робел Филлипос болсо 16 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Булардын эч кимиси күнөөсүн мойнуна алган жери жок.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG