Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Царнаевге расмий айып коюлду


АКШда Бостон жардыруусу боюнча шектелген Жохар Царнаевге расмий айып тагылды. Массалык кыргын салуучу курал колдонгон деген айып менен 19 жаштагы Царнаев эң жогорку жазага тартылышы мүмкүн.

Бостон ооруканасында оор абалда жаткан Жохар Царнаевге дүйшөмбүдө "массалык кыргын салуучу курал колдонду" деген айып коюлду. Эгер күнөөсү далилденсе, ал өмүрүнүн аягына чейин кесилип, же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Бостон марафонунда бомба жардырды деп шектелген ага-ининин тирүү кармалган кичүүсү алган жаракатынан али сүйлөй албай, ооруканада жатат. Бирок тергөөчүлөр аны жазуу жүзүндө суракка алышты.

Америкалык расмий өкүлдөр буга чейинки суракка таянып, Жохар агасы Тамерлан экөөнө бир жума мурда үч адамдын өмүрүн алып, 170тен ашык киши жарадар болгон кош жардыруунун уюштуруучулары деп күнөөлөнүп жаткандыгын бышыкташты.

Жохар агасы Тамерлан окко учуп өлгөн жума күнкү атыштан кийин колго түшүрүлгөн эле.

Вашингтондо Ак үйдүн маалым катчысы Жей Карней Жохар Царнаев жарандык сотто соттолоорун билдирди:

- Ага душмандын согушкери катары мамиле жасабайбыз. Биз бул террорчуну жарандык сотто соттойбуз. Биздин мыйзам боюнча, АКШнын жаранын аскерий трибуналда соттоого болбойт. 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин жүздөгөн террорчуларды федералдык сот системасында соттоп, эркинен ажыратпадыкпы.

АКШ конгрессиндеги айрым республикачыл мыйзамгерлер Царнаевди «душмандын согушкери» деп жарыялоого чакырышууда. Билермандардын айтымында, мындай кадам шектүү адамды суракка алууда тергөөчүлөргө көбүрөөк эркиндик бермек.

Жардыруунун бир апталыгында Бостондун тургундары бир саамга унчукпай туруп, курмандыктарды эскеришти. Президент Барак Обама да Вашингтондо бир саамдык эскерүүгө катышты.

Дүйшөмбү күнү ошондой эле бомбалоодо набыт болгон 29 жаштагы Крисл Кэмпбелдин сөөгү жерге берилди. Тажияга жүздөгөн киши катышты.

Улуту чечен Жохар менен Тамерландын энеси бул күнү полиция менен атыштын алдында тун уулу менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди.

Кыргызстанда туулган Зубейдат Царнаева АКШнын "Эй-Би-Си" жаңылыктар каналына Бостон кризиси тушунда Тамерлан ага АКШдан телефон чалып, «Полиция бизди атып жатат, биздин артыбыздан түшүп алды» деп айтканын билдирди.

Тамерлан энесине иниси «Жохар менен чогуумун, апа, сени сагындым» деп айткандан кийин телефон байланышы үзүлүп калган. Ага-ининин ата-энеси экөө тең балдары күнөөсүз экенин айтып, алар атайын уюштурулган кутумдун курмандыктары болуп калышты деп ырасташууда.

XS
SM
MD
LG