Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Украина бийлиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды кубаттайт


Украинанын Тышкы иштер министрлиги Еврошаркет менен АКШнын Орусияга киргизген жаңы санкцияларын кубаттайт. Бул тууралуу украин тышкы иштер министри Павел Климкин Вашингтондо Reuters агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Министр өкмөттүк күчтөр өлкө чыгышында орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймактарды бомбалабай турганын убада кылды. Буга чейин украин аскерлери жикчилер көзөмөлдөп турган бир нече аймакты бошоткон. Бирок бошотуу операциясынын жүрүшүндө оор артиллерия колдонуп, андан жайкын тургундар мерт кетип жатат деген айыптоого дуушар болгон.

АКШга эки күндүк визит менен барган Павел Климкин Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден жана мамлекеттик катчы Жон Керри менен жолукту. Жолугушуу жүрүшүндө украин министри жикчилерди Орусия шыкактап жатканын жана “Орусиянын жараны болгон жикчилердин төбөлдөрүн өз аймагына алып кетти” деп айыптады. Өлкө чыгышындагы кризисти жөнгө салуу үчүн саясий чечим кабыл алуу керектигин Климкин кошумчалады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG