Тойдун арты карыз
Өкмөт той-ашка кеткен чыгымдар боюнча коомдун пикирин билүү үчүн атайын топ түзмөй болду. Жакында вице-премьер-министр Камила Талиева жыйын өткөрүп, той-топурлардагы ысырапкорчулук чектен ашып жатканын айткан. Жер-жерлерде той менен өлүм-житимге кеткен чыгымда айырма болбой, ысырапкорчулук тескерисинче көбөйгөнү айтылууда. Ал эми кафе-ресторандар жаш жубайларды башынан карызга батырып, насыяга той өткөрүүгө өттү.