Аялзат: Энелердин өлүмүнө эмне себеп?
Өлкө боюнча былтыр 61 эне төрөттөн жана кош бойлуу кезинде каза тапкан. Дарыгерлер буга играциянын айынан көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде каттоого турбаганы, кыз-келиндердин арасында аз кандуулук, бөйрөк, жүрөк ооруларынын жогору болгону себеп дешет. Мындан сырткары соңку кезде эне болууга даяр эмес, 13-17 жаштагы секелектер кош бойлуу болуп калган фактылар арбыды.