Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Быйыл 35 жайлоо бала бакчасы ачылды


Быйыл жайында Кыргызстандын аймактарындагы жайлоолордо 35 жайкы бала бакча ачылды. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунан кабарлашты. Кыргызстанда бала бакчанын жетишсиздиги соңку жылдары негизги социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланды. Ошондуктан Отунбаеванын фонду алыскы райондордогу жайлоодо жашаган балдарды тарбиялап, окутуу үчүн боз үй бала бакчаларын ачуу демилгесин ишке ашырууда. Бул долбоор эки жылдан бери иш жүргүзүп келет.

7-августта экс-президент Роза Отунбаева Ош облусундагы жайлоо бала бакчаларынын шарты менен таанышмакчы.(BkA)

XS
SM
MD
LG