Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттады


Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы 60 тыйынга кымбаттады. Бул тууралуу нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 60 тыйынга жогорулап, 43 сом 70 тыйынга чыкты. Өлкөнүн түштүгүндө болсо, ушул эле бензин түрү 46 сом 10 тыйынга чыкты. Дизелдик отундун баасы 44 сом 80 тыйынга көтөрүлдү.

Нефтетрейдерлер бирикмесинин маалыматына таянсак, күйүүчү майдын баасы жыл башынан бери 11 пайызга же 4,3 сомго кымбаттаган. Август айында баалар дагы 3-7 пайызга кымбатташы күтүлүүдө.

Күйүүчү майлардын баасынын асмандашын Орусиядагы Ачин мунайды кайра иштетүүчү заводундагы жарылуу, Казакстандан 500гө чукул вагон күйүүчү майдын келбей жатышы жана Кыргызстанда бензинге болгон акциз салыгынын жогорулашы шарттаган. (UEz)

XS
SM
MD
LG