Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:57

Украин армиясы 568 аскерин жоготконун билдирди


Украин армиясы Донецк шаарын орусиячыл жикчилдерден бошотуу үчүн соңку даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко Киевдеги брифингде маалымдады. Ал жарандарга кайрылып: "Биз жарандарды мүмкүн болсо Донецк жана Луганск шаарларынан чыгып кетүүгө үндөйбүз. Себеби, бул шаарларда террорчуларды жок кылуу боюнча операция өткөрүлөт”,- деди. Ошондой эле өлкө чыгышындагы антитеррордук операция учурунда 11-август, эртең мененки саат 9га карай украиналык 568 аскер өлгөнүн жана 2120 аскер жарадар болгонун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG