Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Уулу Сирияга кеткен ата президенттен жардам сурады


Сирияда согушуп жүргөн казак жарандары.
Сирияда согушуп жүргөн казак жарандары.

Токмок шаарынын тургуну Абдимиталип Сардалов уулун Сириядан кайтарып алууга жардамдашууну өтүнүп, президентке кат жолдоду.

Маалыматка караганда, аны менен кошо Кара-Балта шаарынан дагы 11 адам кеткен.

28 жаштагы Токмок шаарынын тургуну Элнур Сардалов атасы Абдимиталип Сардаловдун айтымында, былтыр 9-декабрда эч кимге айтай Түркияга кетип калган. Эртеси телефон чалып, Сауд Арабияга окууга барарын билдирген. Соңку ирет 6-августта СМС жазып 15-августта согушка киргени жатканын айткан экен. Мындан улам атасы уулун тезирээк кайтарып алуу үчүн президентке кайрылуу жолдогонун сыздап айтып отурду:

- Эки айга жакын убактан бери таптакыр байланышпай, СМС гана жазып жатат. Сүрөтү да, башкасы да жок. Так дарегин да билбейбиз. Орусиядагы кызыма “15де бизди согушка алып кирип кетет” деп кабар берген экен. Угаарым менен эле ушинтип жардам сурап, чуркап жүрөм. Президент жардам берсе, Түркияга чейин болсо да барам да. Уулумдун согушка барышын каалабайм. Аны окутабыз, Арабияга барасың, ошол жактан илимдүү-билимдүү болуп келесиң, ал жакта окуу башкача, Исламдын очогу ошол жакта” деп алдап алып кетишиптир.

"Уулумдун Сирияга баруусун каалабайм"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:56 0:00

Абдимиталип Сардалов жубайы экөө жардам сурап, алгач Коррупцияга каршы коомдук аракет уюмуна барган экен. Аталган уюмдун координатору Нурбек Алымкулов Элнур Сардалов менен кошо Кара-Балта шаарынан да Сирияга кеткендер болгонун айтууда:

- Токмоктон Элнур Сардалов, ал эми Кара-Балтадан 11 жигит кетиптир. Элнур айына бир жолу байланышка чыгып калчу экен. Себеби ал компьютердин окуусун окуган экен, баары уктап жатканда түнкүсүн жашырынып акырын байланышка чыгып жүрүптүр. Апасы "уулум менен кабарлашканда ал маңдайындагы бирөөлөрдөн элеңдеп коркуп турчу" деп айтып берди. "Бир ирет көз айнек тагынып алып байланышканда, көз айнегиңди ал эле ал деп алдырса көзү көгала экен. Бери жактан бирөө бетин баса койду, ар жакта беш-алты адам турганын көрүп калдым, балам согушкерлерди даярдаган лагерде окшойт" дейт апасы. Эненин жүрөгү сезет да.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет буга чейин Сириядан эки кызды кайтарып келген. Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов жакындары, тууган-туушканы Сирияга барууга камданып жатат, же ошол жакта жүрөт деп шектенгендер болсо дароо атайын кызматка кайрылууга чакырды:

- Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда бизге биринчи дароо кайрылгыла, биз кеп-кеңештерди беребиз деп айтып жатабыз. Эң татаал жери эч ким Сирияга бара жатканын ачык айтпай, ар кандай шылтоолор менен өлкөдөн чыгып жатат да. Ошондуктан аларды токтотуп, алып кала албай атабыз. Эгер жакындары бир жакка кетип жатам деп атса бизге текшертип, бизге кайрылса жакшы болот эле.

Расмий маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандарды Сирияга барууга азгыруу, чакыруу жана жөнөтүү боюнча быйыл жыл башынан бери 15 факт катталып, 8 кылмыш иш козголгон. ИИМдин 10-башкармалыгынын жетекчи орун басары Эмил Жээнбековдун билдиришинче, соңку кездери экстремисттик топтор бул максатта интернетти кеңири колдонуп жатат:

- Негизи маалыматты интернеттен алып жатышат. Андан сырткары албетте кээ бир адамдар, кээ бир топтор аларга кеткенге жардам берет. Сирияга кетип жатканынын өзү эле чоң коркунуч. Себеби, түз жашаган адам эч качан мындайга барбайт. Демек, кандайдыр бир экстремисттик, радикалдык шарттын курмандыгы, ошол абалга чалдыккан адамдар.Ошондой көз карашка сугарылган адамдар. Булардын көз карашынын жайылышы коомдогу терс көрүнүш. Сириядагы жаңжалга катышып келген, ал жактагы окуяларды көргөн адамдардын кайтып келүүсү бул башка маселе, бул башка коркунуч.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Сирияга барбоого чакырып жазында атайын кайрылуу жасаган эле. Жер-жерлерде казы-имамдар түшүндүрүү иш-чараларын күчөткөн.

Сирияда жүрөт деген 100дөй жарандын онго жакынын кыз-келиндер түзөрү айтылган. Күч органдары алар негизинен “согуш аялы” деген миссияны аткарарын, ал турмушка чыккан согушкер өлсө, башкасына турмушка чыга аларын, колдон колго өткөн фактылар бардыгын билдирген.

Сирияда согушкерлерден машыгуудан өтүп келип, Кыргызстанда теракт уюштурууга камданып жатат деген шек менен айрым топтор да кармалган.

XS
SM
MD
LG