Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Орусия дагы бир аскерий машыгуу өткөрүүдө


Орусиянын Астрахан облусунда аскерий машыгуу өтүүдө. Коргоо министрлигинин өкүлүнүн билдиришинче, Ашуулук авиабазасында узак аралыкка учуучу ракеталар сыналып, жоокерлер С-300 жана С-400 зениттик-ракеталык системаларынан жыйырма жолу атышат. Ага 800 аскер жана 200 аскердик техника катышууда.

С-300 жана С-400 системасынын ракеталары 400 чакырымга чейин жетет.

НАТОнун айтымында, Орусия украин жетекчилигин коркутуп, опузалаганга аракет кылууда, ошондой эле Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдерди шыктандырууда. Ашуулук аскер базасынан Луганск облусуна чейинки аралык 640 чакырым.

Орусия апрелде Украинанын чек арасында, июнда Калининград облусунда авиация жана абадан коргонуу күчтөрү катышкан маневр өткөргөн.

XS
SM
MD
LG