Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Гани: Жаңы өкмөт тынчтык орнотууну көздөйт


Ооганстандын жаңы шайланган президенти Ашраф Гани улуттук биримдик өкмөтү өлкөгө тынчтык алып келүүнү максат кылат деп билдирди. Бүгүн тарапкерлери алдында сүйлөгөн Гани Ооганстан “бийликтин алгачкы жолу демократиялык жол менен өктөрүлүшүн” майрамдоого тийиш деди.

21-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Ганини президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялап, ошол эле маалда добуштардын санын келтирген жок.

Анын алдында президенттикке талапкерлер Гани жана Абдулла бийлик бөлүштүрүү келишимине кол коюшкан.

Макулдашууга ылайык, Ашраф Гани президент, ал эми атаандашы Абдулла Абдулла жаңы түзүлгөн өкмөт башчы кызматын аркалайт же башка бирөөнү көрсөтүү укугуна ээ болмокчу.

БУУ, Вашингтон жана НАТО келишимди кубатташты.

XS
SM
MD
LG