Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Кыштан казак энергиясы менен чыгабызбы?


 “Электр Станциялар” ишканасынын маалыматында, коңшу өлкөдөн 1 миллиард кВт. саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.
“Электр Станциялар” ишканасынын маалыматында, коңшу өлкөдөн 1 миллиард кВт. саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

Кыргызстан кышкысын Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Минскиде кыргыз-казак президенттери макулдашты.

Кыргыз өкмөтү Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алаары кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин Минскидеги жолугушуусунда белгилүү болду. Анда президенттер эки өлкө өкмөттөрүнө быйылкы кышта Казакстандан электр энергиясын сатып алуунун жол-жобосун иштеп чыгууну тапшырды.

Ал ортодо “Электр Станциялар” ишканасынан бүгүн кечке маал 14-октябрга чейин кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңеши бул маселени талкуулай турганын кабарлады. Ишкананын маалыматында, коңшу өлкөдөн 1 миллиард кВт. саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Анын баасы 11 тенгенин тегерегинде, же үч сом болушу мүмкүн.

Мындай жол менен өлкөдөгү энергетикалык кризистен чыгуунун жаңы жолу сунушталганын адистер белгилешүүдө. Анткени президент Алмазбек Атамбаев Минскиге жөнөөр алдында энергетика тармагындагы абал боюнча билдирүү жасап, бул тармактагы өкмөттүн ишин сынга алган. Өз билдирүүсүндө өлкө башчысы энергетикадагы оор кырдаалга өкмөттүн пассивдүү позициясы, Энергетика министрлигинин кышка карата начар даярдыгы себеп болгонун айткан. Ошондой эле Атамбаев өнөр жайдын жана калктын эсебинен электр энергиясын өчүрүү аркылуу чечүү кадамын терең жаңылыштык деп атап, өкмөткө жетишпеген электр кубатын коңшу өлкөлөрдөн сатып алууну тапшырган эле.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен казак президенти Нурсултан Назарбаев. 10-октябрь. Минск.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен казак президенти Нурсултан Назарбаев. 10-октябрь. Минск.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Баатыркул Баетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул кыштан кыйналбай чыгуу үчүн 2,4 миллиард кВт. саат электр энергиясы жетишпейт деп эсептелген. Бул көлөмдөгү электр кубатын сатып алуу үчүн сүйлөшүүлөр Казакстан менен мурда эле башталган:

- Бул иштер жүрүп жаткан. Алдын ала деталдуу түрдө айта албайбыз. Анткени сүйлөшүүлөргө кандайдыр бир кедергисин тийгизип калышы мүмкүн. Бирок Казакстан белгилүү бир өлчөмдө электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Астанага барып келген. Эми болсо башка коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүп жатабыз. Мындай жолго барбасак, дефицит 2,4 миллиард кВт-саатты толтуруу кыйын болуп жатат.

Казакстандан алынган электр энергиясы адаттагы баадан кымбат болушу мүмкүн. Ал кышкы сезондо убактылуу тариф менен киргизилиши болжолдонуп жатканын Баетов кошумчалады:

- Электр энергиясы импорттук болгону үчүн анын баасы бир аз кымбат болуп жатпайбы. Аны убактылуу тариф саясатына киргизүү каралып жатат. Азыр адистер талкуулап жатат. Жакынкы күндөрдө мунун баары чечилет деп ойлойм.

Ошентип, Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алуу белгилүү болгон соң өкмөт жылуулук үчүн колдонууну чектөө планынан баш тартышы мүмкүн экени айтыла баштады.

Кыргыз өкмөтү жай ортосунан тарта эле быйыл кыш катаал болорун эскертип, жылуулук үчүн үч фазаны колдонууга, электр энергиясы менен көңүл ачуучу мекемелерди, сауна, автожуугучтарды жылытууга, темир эритүүгө чектөө киргизген. Бул өлкө экономикасы үчүн маанилүү болгон курулуш, тейлөө тармагын кризиске кептеп коерун аталган тармак өкүлдөрү айтып чыккан.

Энергетика боюнча көз карандысыз адис Жаныбек Оморов президент электр энергиясын чектөөнүн жарандар арасында нааразылыкты пайда кылып, өнөр жайга тийгизген кесепети оор болорун түшүнгөнү үчүн ушундай кадамга барганын билдирүүдө:

- Канчалык электр энергиясына баа кымбат болсо да, сырттан алып келүү пайдалуу болуп жатат. Анткени ички чектөөлөрдөн экономикалык чыгымдар көп болуп кетиши мүмкүн. Киреше алып келип жаткан бирикмелерге жарык өчүрүлүп баштаса зыяны тиет. Ушундан ушундай кадамга барышты деп ойлойм.

Муну менен катар Атамбаев электр кубаты тартыш болорун элге түшүндүрө албаган өкмөттүн коркоктугуна токтолуп, энергетика тармагына Осмонбек Артыкбаевдин ордуна күчтүү менеджер керек болуп жатканын баса белгилеген.

Президенттин бул билдирүүсүнөн соң Артыкбаев кызматтан өз каалоосу менен кеткен эле. Осмонбек Артыкбаев 1,5 жылдан бери бул кызматты аркалап келаткан. Аны министрликке бийликтеги Социал-демократтар фракциясы көрсөткөн. Өлкөдө энергетикалык абал кыйындаганы анын дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылып жаткан. Кыш омуроолоп кирип келгенде министрдин кызматтан кетиши коомчулукта ар кыл түкшөмөл ойлорго жол ачты. Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков бул тармактагы оор кырдаалды эске алып, бийлик өз командасындагы адамды ар кыл жемеден алыс кармоону туура көрдү дейт:

- Учурда бул тармакта абал аябай эле оор. Муну көрүп туруп, бийлик өз командасындагы адамды чыгарып кетип жатат. Азыр кимди коет билбейм, бирок абдан жакшы менеджерди коюшу керек.

Ушу тапта Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 11 миллиард 875 миллион куб метр.
Ушу тапта Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 11 миллиард 875 миллион куб метр.

Ошол эле учурда жаңы келген жетекчинин абалды жөндөгөнгө мүмкүнчүлүгү барбы, кырдаалды жөндөө кадрдан көз карандыбы деген суроо кабыргасынан коюлуп жатат. Эксперт Жаныбек Оморовдун баамында, кыска убакытта абалды жакшыртуу кыйын. Ошентсе да, жаңы министр жалпы системаны тармакты өзгөртүүгө жөндөмдүү адис болушу керектигин билдирүүдө:

- Албетте, кыска убакыттын ичинде быйылкы абалды жөндөө кыйын. Бирок кыйналсак да кыштан чыгабыз. Бул тармактагы стратегиялык маселелер чечилбей жатат. Тармак реформага муктаж. Жаңы келген министр мына ушуларды чечкенге жөндөмдүү болуп, чыныгы өзгөрүүгө барышы керек.

Ушу тапта Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 11 миллиард 875 миллион куб метрди түздү. Бул мурдагы жылдардан төрт миллиард кубга аз. Энергетика министрлиги ар кыл чектөөлөрдү киргизүү менен кийинки жылдын апрель айында суунун көлөмүн жети миллиарддан түшүрбөй сактап калуу аракетин көрүп жаткан. Бул чектен ылдыйлап кетсе, суу сактагычтын жабдыктары иштен чыгышы мүмкүн экенин адистер эскертишүүдө.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG