Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:34

Электрди чектөө айла кеткендеги аргабы?


Кыргызстанда кышкысын электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизиши мүмкүн. “Улуттук электр станциялар” ишканасы быйыл суу тартыштыгынан улам кышында элге жакпаган чечимдер кабыл алынышы мүмкүн экенин айтып чыкты.

“Улуттук электр станциялар” ишканасынын жетекчи орун басары Алексей Бородиндин айтымында, жетишпей жаткан суунун тартыштыгын жабуучу ресурс табылбаса, анда элге жакпаган чечимдер кабыл алынышы мүмкүн. Аталган ишкананын директору Медетбек Айткулов “Азаттыкка” кандай чектөөлөр киргизилерин так айтпаганы менен абалдын кыйын экенин моюнуна алып, керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды:

- Кайсы убак болбосун электр кубатын үнөмдүү пайдаланууга өтүшүбүз керек. Биз эмес, бизден бай башка мамлекеттер деле буга өтүп жатышат. Бизде болсо андай болбой жатат. Ошондуктан, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланышыбыз керек. Быйыл мунун мааниси өзгөчө болуп турат.

Энергетиктер айткан элге жакпаган табышмактуу кадамдар эмне болушу мүмкүн? Энергетика министринин мурдагы орун басары Райымбек Мамыров бул кышкы мезгилде электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү дегенди билдирерин айтты:

-“Улуттук электр станциялар” ишканасы жогорку чыңалуудагы подстанция, линиялардын даярдыгына жооп берет. Ошондуктан, эгер кышында электр энергиянын тартыштыгы сезилип, аталган линияларга күч келсе аргасыздан чектөө киргизүүгө туура келет. Алар мына ушуну айтышууда. Эгер чектөө киргизбесе, аталган трансформатор, линиялар жарактан чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, мунун алдын-алуу үчүн дал ушундай билдирүүлөрдү жасап жатышат.

Кыргызстандагы энергетикалык оор абалдын түзүлүшүн Токтогул суу сактагычындагы суунун аз топтолгону шарттап жатат. Учурда Токтогул суу сактагычында 11 млрд. 240 млн. куб метр суу топтолгон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд. куб метрге аз. Энергетиктер абалды жөндөө үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө. Ал үчүн кыргыз өкмөтү Казакстандан күз-кыш мезгилинде 1 млрд. киловатт саат электр энергиясын сурап жатат. Казак өкмөтү азырынча буга жооп бере элек. Мындан сырткары Токтогулдагы суунун топтолушуна шарт түзүү үчүн бүгүн Тажикстандан кошумча электр кубатын сатып алганы жатат.

Буга карабай Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кышында элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого кепилдик берүү кыйын экенин билдирүүдө. Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул тармактагы чыңалууну азайтпаса, кышында жарыкты берүүдө маселе чыгышы толук мүмкүн:

- Эгер биз үч фазаны жылуулукка колдонгондорду кескин түрдө азайтпасак, бизге электр энергия жетпей калышы мүмкүн. Себеби, суу өтө эле аз. Кургакчылык. Ошондуктан, мен элге кайрылуу менен чыгайын деп жатам. Электр энергияны колдонууну азайтып, жылуулук үчүн көмүргө өткүлө деп кайрылмакчымын.

Артыкбаев: Электр энергиясы байлар үчүн гана кымбаттайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

Артыкбаев белгилегендей, абалды оңдоо үчүн электр энергиясын жылуулукка колдондорго тарифти көтөрүү зарыл болуп турат. Энергетика жана өнөр жай министрлиги электрге тарифти көтөрүүнү сунуштап чыккан. Ага ылайык, электрди үч фазадан алгандарга бааны 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүү жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүү принцибин өзгөртүү сунушталып жаткан. 30-июнда парламентте кабыл алынган мыйзам долбооруна ылайык, электр энергиясына тарифти аныктоо өкмөткө жүктөлгөн. Бирок эки күн мурун Энергетика министрлиги бул иш-планды артка чакыртып алды.

Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздигинен 2008-2009-жылдары энергетикалык кризис болуп, чектөө киргизилген. Бул эл арасында нааразылыктарды жараткан болчу.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG