Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Крым татарларын кооптонткон эл каттоо


Крымда Орусия эл каттоо жүргүзүп жатат.
Крымда Орусия эл каттоо жүргүзүп жатат.

Крымда 14-октябрда эл каттоо башталды. Бул жарым аралды Орусия аннексиялагандан кийинки биринчи каттоо.

Орусиянын бийликтери билдиргендей, анын негизинде Крымды өнүктүрүү программасы түзүлмөкчү. Бирок жергиликтүү татарлар бул өнөктүккө да анчалык ишеним артпай турушат.

14-октябрдан тарта башталган эл каттоо 25 - октябрга чейин созулат. Анын жүрүшүндө крымдыктарга анкетадагы отуз үч суроого жооп берүүгө туура елет.

Бирок Крымдын азыркы орус бийлигин колдобогон тургундары, атап айтканда, татарлар жана этникалык украиндер өнөктүктүн максат –маанисинен шек санап турган кези:

- Эмне үчүн? Себеби, ал жерде эл каттоо үчүн мүнөздүү эмес болгон көп суроолор бар. Крым татарларынын Межлиси бул боюнча кандайдыр бир өзүнчө чечим кабыл алган жок. Ага катышып –катышпоону мекендештердин эркине калтырды. Менимче, бул каттоо жергиликтүү бийлик пландагандай деңгээлде да өтпөйт. Анткени, бул өтө олуттуу иш-чара, өтө көп сандагы адамдарды мобилизациялоону, каражатты талап кылат. Эл каттоону бул ишке дасыккан адистер жүргүзүшү керек. Крым бийликтери муну уюштура албайт. Ал кезектеги эле жалган иш болуп калгандыктан, мен бул эл каттоонун жыйынтыгына анчалык ишенбейт элем, - деди “Азаттык” менен маегинде крым татарларынын коомдук бирикмеси – Мажлистин мүчөсү Али Хамзин.

Айрым татар активисттери эл каттоонун жыйынтыгына крым татарларынын саны учурдагы 12,4% да азайтылышы мүмкүн деп чочулашат. Каттоодо чогултулган маалыматтар орус бийлиги тарабынан крым татарларын басмырлоонун жаңы формасында колдонулушу мүмкүн деген кооптонуу да бар.

Чукулунан жарыяланган эл каттоо укук коргоочулар Крымдагы татар жаштарынын дайынсыз жоголгону тууралуу айтып жаткан учурга туура келди.

Бул маалыматтарды Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү менен жолугуу учурунда президент Путин да комментарийлеп, төмөнкүлөргө токтолду:

- Мен ал жерде адамдар жоголгон учурлар болгонун биринчи ирет угуп жатам. Муну ким, эмне үчүн жасап жатканы мага такыр түшүнүксүз. Мен үчүн анык нерсе биз крым татарлары үчүн мурда жасалбаган нерселерди ишке ашырабыз. Алар үчүн эң башкы көйгөйлөрдүн бири - мүлктү жана жерге болгон укукту мыйзамдаштыруу. Бул чечиле турган маселе. Биз муну жасайбыз - деген Путин ошол эле учурда Крымда улуттар аралык мамиленин чыңалуу тобокелдиги бардыгын жокко чыгарбады:

- Кандай гана шарт болбосун биз улуттар аралык мамилени чыңалган абалга жеткирбешибиз керек. Бул абдан кылдат маселе. Ал жерде бул коркунучтун тамыры бош эмес жана тереңде жатышы мүмкүн. Ошол себептен бардыгын абдан дыкат чечишибиз керек.

Крым татарларынын активисттери жарым арал Орусия тарабынан аннексиялангандан бери аларга айып пул салынып, ар кандай суракка чакырылышып, мечит жана мектептерде тинтүү жүргүзүлүп, куугунтук күчөгөнүн маалымдашкан.

Дайынсыз жоголду делген татар жигиттердин бири Белял Беляловдун сөөгү кечээ Симферополдон табылганы кабарланды. Өткөн аптада дагы бир жаш активист Эдем Асановдун сөөгү табылган эле.

Мурдараак крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясында сөз сүйлөп жатып, ушул жылдын март айында Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери 18 крым татары дайынсыз жоголгонун айтып чыккан.

Крым татарларынын басымдуу бөлүгү 14 – марттагы референдум менен катар жергиликтүү кеңештерге 14-сентябрда өткөн шайлоону да бойкоттошкон.

XS
SM
MD
LG