Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Укук коргоочулар кысымга тушукканын айтып чыгышты


Бул тууралуу укук коргоочулар бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтып чыгышты. Алардын билдиришинче, парламентте каралып жаткан гей-пропагандага каршы, чет элдик тыңчылар тууралуу жана каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердигине тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорлору адам укуктарын, ал жаатта иш алып баргандарын ишмердигин чектейт.

Маалымат жыйынга катышкан укук коргоочу Назгүл Турдубекова акыркы убакта бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрүн телефондон коркутуулар, маалымат каражаттары жана социалдык тармактарда каралоо башталганын айтып, муну уюштуруп жактан кызыктар тарап бар экенин билдирди.

Ушул аптада Жогорку Кеңештин Билим берүү комитетинде кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоордо гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ошол эле маалда парламентте бейөкмөт уюмдардын каражат булактарын ачыкка чыгаруу боюнча мыйзам долбоору даярдалып, бул боюнча парламенттик угуу өтөөрү дайын болгон. Бул демилгелерге байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги чочулоосун билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG