Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Француз соту Аблязовду экстрадициялоого уруксат берди


Камактагы Аблязовду күчөтүлгөн коопсуздук шартта Лиондогу сотко алып келатышат. 17-октябрь, 2014-жыл
Камактагы Аблязовду күчөтүлгөн коопсуздук шартта Лиондогу сотко алып келатышат. 17-октябрь, 2014-жыл

24-октябрда Франциянын Лион шаарынын соту Орусия жана Украинанын өтүнүчтөрүн канааттандырып, казакстандык банкир Мухтар Аблязовду экстрадициялоо чечимин чыгарды. Өткөн жылдын жайында Аблязов Орусия менен Украинада финансылык көз боемочулук үчүн айыпталууда деген негизде камакка алынган. Аблязов өзү иштин артында саясат турат деп эсептейт.

Бир жылдан ашуун убакыттан бери саясий бозгундагы Мухтар Аблязов Франциянын түштүгүндө абакта жатат. Өткөн жылдын жайында банкир Орусия менен Украинада финансылык көз боемочулук үчүн айыпталууда деген негизде камакка алынган. Аблязов иштин артында саясат турат деп эсептейт. Кызы Мадина Аблязова жума күнү “Азаттыкка” билдиргенине караганда, адвокаттары үч айдын ичинде кассациялык арыз берүүгө укуктуу. Бул убакыт бою Аблязов Лиондогу камакта кала бермекчи. Өткөн жумада сотто сүйлөгөн кезинде банкир Орусия аны андан ары президент Нурсултан Назарбаевге каршы ишмердиги үчүн куугунтукталып жаткан мекенине өткөрүүгө экстрадициясын талап кылып жатканын айткан.

Январда Экс-ан-Прованс шаарынын соту Аблязовду Орусия же Украинага өтөрүп берсе болот деген чечим чыгарган. Бирок июлда Франциянын кассациялык соту аны жокко чыгарган. Бул аралыкта Украинада бийлик алмашып, Януковичтин ордуна Порошенко келди. Андыктан Аблязовдун тарапкерлери Киев арызын артка чакыртып алышы мүмкүн деп айта башташты.

Аблязовго каршы кылмыш иши Орусияда 2009-жылы, Казакстан ал жетектеген БТА банкынан алты миллиард доллар уурдаган деп айыптагандан кийин ачылган. Орусияда банкир шериктери менен кошо 4,5 миллиард доллар уурдагандыгы үчүн күнөөлөнүп жатат. Тергөөчүлөр ал акча «Евразия логистик» жана Евразия компаниялары аркылуу Орусиядагы долбоорлорго сарпталганын ырасташат.

Аблязовдун Орусиядагы кызыкчылыктарын коргоп, Лиондогу сотко катышкан адвокат Марк Фейгиндин пикиринде, казакстандык банкир Орусияга эч кандай чыгым келтирген эмес жана ага каршы иш ачууга негиз жок болчу.

Ал эми Украина казак бизнесменине кандай доомат артып жатканы да так белгисиз. Президент Петро Порошенко Аблязовдун ишин комментарийлеп, ал Украина аймагында кылмыш жасаган болсо гана экстрадиция талабы үчүн негиз болот эле деген. Бирок Украина Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү "Азаттыктын" казак кызматына Аблязовдун кайсы кылмыштар үчүн күнөөлөнүп жаткандыгы тууралуу суроосуна жооп бере алышкан жок.

Ал тапта Казакстандын финансы полициясы Аблязовдун кайнагасы Сырым Шалабаевге ири суммадагы акчаны менчиктеп алууга көмөктөшкөн деп айыптоодо. Тергөөнүн версиясы боюнча ал БТА улутташтырылгандан кийин Аблязовдун жашырылган каражаттарын башкарып, миллиондогон долларды чет өлкөгө алып чыгып турган. Анын жуп алдында Шалабаевдин ысымы Интерпол издеп жаткан кишилердин тизмесинен алынганы маалым болгон.

Аблязов аны мекенинде саясий себептерден улам, Нурсултан Назарбаевдин режиминин оппоненти болгондугу үчүн куугунтуктап жатышканын айтып келатат. "Эмнести Интернешнл" эл аралык уюму былтыр Франциянын бийлигин Аблязовдун ишинин адилет каралышын камсыздоого, аны Казакстанга өткөрүп берип салчу өлкөлөргө экстрадициялабоого үндөгөн.

Өткөн жылы Кыргызстанда Мухтар Аблязовдун сүрөтү чапталган паспорт Нурдин Осмонов деген ат менен мыйзамсыз жасалганы аныкталган. Мамлекеттик каттоо кызматы Аблязовдун сүрөтү чапталган паспорт 2012-жылдын 27-декабрында даярдалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG