Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Аблязовго паспорт берүү жагдайы иликтенүүдө


Мухтар Аблязовго кыргыз паспортунун берилиш жагдайын кыргыз-казак чекисттери бирге иликтеп жатат.

Казакстандык банкир, оппозиционер, учурда бозгунда жүргөн Мухтар Аблязов Нурдин Осмонов деген ат менен Аламүдүн районунан паспорт алганы тууралуу маалымат өткөн жумада чыккан болчу. Ага мындай документ берген райондук адис ушундай дагы эки жасалма паспортко тиешеси болгону айтылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Тилек Чокморовдун билдиришинче, Кыргызстан менен Казакстандын чекисттери Мухтар Аблязовго таандык делген жасалма кыргыз паспорту боюнча иликтөөнү ушул жылдын март айында баштаган:

- Казакстандын атайын кызматы жасалма паспорттогу сүрөткө Мухтар Аблязовдун окшоштугун тастыкташты. Азыркы учурда Кыргызстандын УКМКсы, Экономикалык кылмыш менен күрөш кызматы жана Казакстандын тартип коргоо органдары менен документти жасоонун жагдайларын тактоого жана бул кылмышка тиешеси бар адамдарды табууга багытталган биргелешкен ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Мухтар Аблязов Кыргызстандан жасалма паспорт алганын Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын башында пландык текшерүүдө аныктап чыккан экен. Ага ылайык, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук паспорт бөлүмдүн жетектөөчү адиси Нуржамал Үсөнова өткөн жылдын этегинде жасалма мөөр, жетекчилердин жасалма кол тамгасы менен Аблязовдун сүрөтү чапталган Нурдин Осмонов деген ат менен паспорт даярдап берген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев мындай ыкма менен үч адамга паспорт даярдалганын айтты:

- Фактыны толугу менен ачтык. Күнөөлүүнү таптык. Ал да мойнуна алды. Ким келген, канча тыйын берген, канча кишиге жасаганын баарын ачык айтып берди. Үч башка фамилия, үч башка сүрөт менен үч паспорт жасалган. Бирөө аял кишиники, экинчиси бала, ал эми Аблязовго Осмонов Нурдин деген атка жасалган.

Сатыбалдиев жасалма мөөр менен паспорт берип кармалган учур буга чейин болбогонун белгиледи:

- Биздин кызматкерлер жасалма мөөр менен паспорт жасаган учурларды мен буга чейин кездештирген эмесмин. Мындай учур биринчи жолу болуп жатат. Ар кандай жол, ар кандай айла-амал менен паспорт алууга аракет кылып жүрүшпөйбү. Кээ бирлери башка жерлерден башка документтерин тууралап келет. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алмаштырып келип алышы мүмкүн. Жасалма документтердин негизинде биздин кызматкерлерди алдап өткөрүп алган учурлар болуп жүрөт. Бирөөнүн паспортун алып, өзүнүкүн чаптап алып, алмаштырганга алып келдим дегенде кармалгандар болгон.

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Дастан Бекешев бул мыйзамсыз паспорт берүү фактысын Мамлекеттик каттоо кызматына башка органдар көзөмөл кылбаганы менен байланыштырууда:

- Мамлекеттик каттоо кызматы деген орган керек. Бирок функциялары башкача болушу шарт. Мамкаттоо кызматы уруксат берчү документтерди: паспорт, айдоочунун күбөлүгү, күбөлүк сыяктуу ар кандай документтерди берип баштабадыбы. Ошондуктан ИИМ башка мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөл болгон эмес. Азыр да ушундай көзөмөл жок. Мисалы, эгер айдоочунун күбөлүгүн берсе, ИИМ кимге канча күбөлүк берилгенин билбейт. ИИМ, атайын кызмат кимге паспорт берилгенин билбейт. Ошон үчүн ушундай коррупция болуп жатат.

Казак президентинин элдешкис сынчысы, каршылашы аттыккан Мухтар Аблязов мекенинде 5 миллиард доллар кымырып алган деп айыпталып, ага эл аралык издөө жарыяланган. Убагында Казакстанда БТА банкты жетектеген. Ошондой эле энергетика, өндүрүш жана соода министри болуп иштеген.

2009-жылдан бери бозгунда жүргөн Аблязовдун жубайы менен кызы жакында эле Италияда кармалып, Рим аларды Астанага өткөрүп берген болчу.

XS
SM
MD
LG