Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Диний ишенимден улам аскерден калууга уруксат берген мыйзам колдоо таппады


Жогорку Кеңеште диний ишенимине байланыштуу аскерге баруудан баш тарткандарга мамлекеттик төлөм киргизүү жөнүндөгү мыйзам өтпөй калды. Аны Майрамкүл Тиленчиева, Элмира Жумалиева жана башка депутаттардан турган топ сунуштаган. Мыйзам долбооруна ылайык, диний көз караш боюнча курал кармоону каалабаган мырзалар мамлекетке 18 миң сом төлөп, аскерден калса болот.

Эл өкүлдөрү мыйзамды чийки деп эсептеп, ага каршы добуш беришкенин депутат Курманбек Осмонов “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда диний ишенимине байланыштуу гана эмес, армиядагы шарттын начардыгы жана жаңы барган жоокерлерге зомбулуктун күч экенине байланыштуу да аскерге барбай койгондор көп. (SE)

XS
SM
MD
LG