Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Казакстандан алынчу электр энергиясынын баасы аныктала элек


Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, Казакстан электр энергиясынын 1 кВт. саатын 5 сом 13 тыйындан берүүгө макул. Бирок чек арага чейин деп эсептелген бул баа акыркы эмес, ал сүйлөшүүлөргө жараша дагы өзгөрүшү ыктымал. Бул маселе 7-ноябрда Астанада кыргыз-казак президенттеринин сүйлөшүүсүндө да каралышы күтүлүп жатат. Белгилүү болгондой президент Алмазбек Атамбаев эртең Казакстанга бир күндүк расмий сапар менен барат.

Учурда Энергетика министрлиги Казакстандан келген электр энергиясынын баасы өлкөнүн өзүндө өндүрүлгөн электр энергиясы менен кошо эсептелгенде 2 сом 05 тыйын болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө. Бирок бул 700 кВт. сааттан ашыкча колодонгондор үчүн гана. Ал эми электр энергиясын бул көлөмгө чейин колдонгондор мурдагыдай эле анын кВт. саатына 70 тыйындан төлөй берет.

Жаңы сунушталып жаткан тариф саясатын талкуулоо 15-ноябрга чейин уланат. (SM)

XS
SM
MD
LG