Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Астана Бишкекке электрден жардам берет


Алмазбек Атамбаевге казак президенти "Достык" орденин тапшырды. 7-ноябрь, 2014-жыл.
Алмазбек Атамбаевге казак президенти "Достык" орденин тапшырды. 7-ноябрь, 2014-жыл.

Алмазбек Атамбаев Астанадагы иш сапары учурунда Кыргызстанда электр жарыгы өчпөй турганын билдирди.

Астанада 7-ноябрда эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жогорку жыйыны өттү. Анын соңунда бир катар келишимдерге кол коюлду.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевди Астана аба майданынан Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идирисов менен энергетика министри Владимир Школьник тосуп алды.

Мамлекеттер аралык кеңеш эки өлкөнүн алакасын жана ортодогу келишимдерди, багыттарды көзөмөлдөгөн эң жогорку орган, ага эки мамлекеттин президенттери төрагалык кылат. Бул жолку жыйында кыргыз-казак энергетика келишимине кол коюлду. Ага ылайык, Казакстан быйыл Кыргызстанга 400 миллион, 2015-жылы 1400 млрд. киловатт электр энергиясын сатуусу белгиленген.

- Бизде бир кездерде кычыраган суукта жарык өчүрүүлөр болгон. Эми жарык өчпөйт деп ишенем, себеби биз Казакстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча келишимге жетиштик, - деди Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында.

Атамбаевдин Астанага сапары
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Казак президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз тарап өз кезегинде эки өлкө ортосундагы сугат суу боюнча келишимдерди аткарууга убада бергенин айтты. Бирок бул иш сапарда Кыргызстан сатып алчу электр энергиянын баасы канча болору белгисиз бойдон калды.

Эки өлкөнүн президенттери өз ара жолуккан учурда Нурсултан Назарбаев Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда апрель айынан бери кармалып турган 400 цистерна күйүүчү майды коё берүүгө убада бергени маалым болду.

Жолугушуу учурунда Казакстандан келген инвестиция көлөмү жогорулаганы белгилүү болду. Алсак, 2013-жылы Казакстандан келген түз инвестициянын көлөмү 2012-жылга караганда өсүп, 55 млн. долларды түзгөн. Мурдагы жылы ал 31 107 млн. болгон.

Ушул жылдын сегиз айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 599 млн. долларды түзгөн. Анын 342 млн. доллары экспорт, ал эми 357 млн. доллары импорт.

Нурсултан Назарбаев бул жолугушууда Алмазбек Атамбаевге биринчи даражадагы “Достык” орденин тапшырды. Казак президенти муну Атамбаевдин эки мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошкону менен негиздеди.

Кыргыз делегациясы бул сапарда Казакстандын улуттук музейине, бул өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жеке китепканасына да барды.

Назарбаев мамлекеттик визит менен Кыргызстанга 2012-жылдын августунда келген. Анда мамлекеттер аралык кеңештин 3-жогорку жыйыны өткөн болчу. Андан тышкары Назарбаев 2013-жылы Кыргызстанда эки ирет болуп, аймактык уюмдардын, атап айтканда, ЖККУнун жана ШКУнун саммиттерине катышкан. Ал эми кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев буга чейин Казакстанга эки ирет жумушчу сапар менен барган. 2013-жылдын апрель айында Астанага, ал эми быйыл майда Назарбаевдин чакыруусу менен Алматыда жумушчу сапарда болгон.

Алмазбек Атамбаевдин казак маалымат каражаттарына берген маеги.

XS
SM
MD
LG