Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Ырчы көпүрөгө берген акчадан дайын жок


Оштун Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрө өткөн жылдын 5-октябрында башталган.
Оштун Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрө өткөн жылдын 5-октябрында башталган.

Ырчы Сыймык Бейшекеев Оштогу көпүрөнүн курулушуна кошкон каражаты дайын-дарексиз жоголгонун айтып чыкты.

Ал өткөн жылдын декабрь айында атайын концерт берип, эстакада көпүрөгө жардам катары 100 миң сомду жергиликтүү бийликтерге тапшырган.

Бирок бул сумманын кайда экендиги азыркы күндө белгисиз. Мурдагы мэрия өкүлдөрү акча банкка которулганын айтышса, шаардын жаңы бийликтери Бейшекеевдин акчасын көрбөгөнүн билдиришүүдө.

Жиксиз жоголгон ырчынын салымы

Өткөн жылдын 14-ноябрында Сыймык Бейшекеев алгач Оштогу эстакада көпүрөгө арналган марафонго катышып, эл алдында ырдаган. Андан бир айдан кийин, 21-декабрь күнү өзү да атайын көпүрөгө арнап концерт коюп, андан түшкөн кирешени да курулушка берет. Концерти аяктары менен Бейшекеев 100 миң сомду сахнада туруп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырган. Эми ошо акча көпүрөгө жетпей эле дайынсыз жоголуп отурат:

Ырчы Ош шаарындагы марафондо. 14-ноябрь, 2013-жыл
Ырчы Ош шаарындагы марафондо. 14-ноябрь, 2013-жыл

- Чынында Ош шаарына жылына эки-үч жолу барып турам. Ошондо барганымда көпүрөнү өз көзүм менен көрүп, атуулдук парзым катары кол кабыш кылайын дегем. Ошондой изги тилек менен атайын концерт берип, ал кездеги Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев агабызга 100 миң сом акчаны тапшырып кеткем. Анан ортодо калаада бийлик алмашып, көпүрө боюнча кылмыш иши козголуп, бир топ ызы-чуу болуп кетти. Учурда ал боюнча текшерүү иштери жүрүп жаткан экен. Мага Оштон аудитор чалып, “сиз эстакада көпүрөгө акча коштуңуз беле?” деди. Мен кошконумду айтсам, ал “анда сиз берген акча бул жакта көрсөтүлбөптүр” деди. Мен чынында аябай таң калдым.

Бейшекеев көпүрөгө кошкон салымынын дайынын өз алдынча сураштырып, бирок андан жыйынтык чыккан эмес. Ошондуктан окуяны териштирүү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.

- Бир сыйра сураштырсам чын эле мен берген акча которулбаптыр. Анан мен Дастан Ходжаевге чалып сурасам, ал алгач “акчаңды банкка которуп койгонбуз, көпүрө боюнча жарыяланган атайын эсепке түшкөн” деди. “Анда эмнеге тиги жакка түшкөн жок” десем, бир аздан кийин кайра байланышып, “100 миң сомду которуу боюнча бир адамдар жооптуу болчу, алар бербей калышыптыр, акча азыр аларда экен” деди. Чынында аябай жаман абалда калдым. Адамдар ушул көпүрө бүтүп кетсин деп, чын ниетинен салым кошуп жатса, анан ал акча орто жолдо ар кайсы жакка кымырылып кетип жатса, капа болосуң да. Башкаларга сабак болсун деп, мен бул иштин акыйкат териштирилишин жана буга тиешелүү адамдар жоопко тартылышын талап кылам.

“Төө көрдүңбү? - жок; бээ көрдүңбү? – жок”...

Ал эми ошо кездеги Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаевдин өзүнөн аталган маселе боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Эстакада көпүрө боюнча марафон уюштурган Ош шаардык жаштар комитетинин мурдагы жетекчиси Сонунбек Жунусбаев жана мэриянын экономикалык бөлүмүнүн буга чейинки башчысы, марафондун акчасын тескеген Чыныбек Тойчуев да Сыймык Бейшекеевдин акчасын көрбөгөнүн айтышты.

Ходжаев учурда “Улуттар биримдиги” партиясынын штабында иштегендиктен партиянын Ош шаардык кеңешиндеги фракция жетекчиси Рысбек Мирзаматовдон сурап көрдүк:

- Бул боюнча менин толук маалыматым жок экен. Балким Дастан Ходжаев өзү кененирээк билдирүү жасап, окуяны кенен түшүндүрүп берет. Бирок тиешелүү адамдардан сураштырсам марафондо чогулган акчанын баары Ош шаардык мэриянын бухгалтериясына өткөрүп берилген экен. Акчаны азыркы мэриядан же, мэриянын бухгалтериясынан тактап билиш керек. Сыймык Бейшекеевдин акчасын ким кимдин колуна бергенин мен таптакыр билбейм.

Экс-мэр Мелис Мырзакматов марафондо сүйлөп жатат. 14-ноябрь, 2013-жыл
Экс-мэр Мелис Мырзакматов марафондо сүйлөп жатат. 14-ноябрь, 2013-жыл

Мурдагы мэр Мелис Мырзакматов баштаган Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн курулушу ошол кезде 600 млн. сомдун тегерегинде бааланган. Ага шаардын бюджети жетпей турганы айтылып, калктан акча чогултуу максатында атайын марафон уюштурулган. Анда карылар пенсияларын, студенттер стипендияларын, кыз-келиндер шакек-сөйкө, уюлдук телефондоруна чейин чогултушкан эле. Шаардагы мамлекеттик ишканалар болсо бир күндүк маяналарын которушкан. Алардын ичинде акчаны түз алып келгендер, банк аркылуу которгондор да болгон. Ошентип жалпы 2 млн. сомдон ашык каражат топтолуптур. Бирок анын арасында да Сыймык Бейшекеевдин салымы жок болуп чыкты.

Башка кайрымдуулуктар түгөлбү?

Ош шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов мындай дейт:

- Ошол марафондо ким канча акча төккөндүгү, алардын аты-жөнү боюнча бизде тизме бар. Ага ылайык, 45 киши түрдүү суммада салымдарын кошкон. Анын ичинде муниципалдык ишканалар, жеке ишкерлер, карылар, аялдар жана кыз-келиндер бар. Жалпы болуп 2 млн. 25 миң 48 сом 72 тыйын бар. Бул акча Ош шаардык жол башкармалыгынын атайын эсебинде турат, андан бир тыйын акчаны эч жакка иштеткен жокпуз. Ал эми бул тизменин ичинде Сыймык Бейшекеевдин аты да, анын акчасы да жазылган эмес. Мындайча айтканда, биз ал акчаны алган эмеспиз. Азыр марафондон түшкөн акча боюнча ИИМ, прокуратура, УКМК жана Эсеп палатасы, аудит кызматтары келип, текшерип жатышат.

Марафонго келген жаштар. 14-ноябрь, 2013-жыл
Марафонго келген жаштар. 14-ноябрь, 2013-жыл

Чогулган он чакты уюлдук телефон, 20дай сөйкө-шакектер учурда Ош шаардык мэриясынын сактык кутусунда сакталууда. Ал эми жарандар которгон 2 млн. сомдон ашык акча РСК банктагы атайын эсепте турат. Тиешелүү органдар текшерип чыккандан кийин бул каражаттар кайда иштелери чечилет.

Кантсе да Сыймык Бейшекеев, ал билгенден эле он чакты ишкер ар кандай суммадагы акчаларды көпүрө үчүн деп, банктан которушканын, бирок алардын да суммалары жогорудагы тизмеде көрсөтүлбөгөнүн кыйытты.

Марафондо чогулган акчанын учурда ырчынын 100 миң сомунун эле дайыны жокпу, же башка каражаттар да кошулбай калганбы азырынча белгисиз.

Оштун Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрө өткөн жылдын 5-октябрында башталган. Бирок жыл башында эки кылмыш иши козголуп, тендер жана мурдагы долбоор жокко чыгарылган. Жаңы долбоордун негизинде Орусиядан келген гранттан 669 млн. сом акча бөлүнгөн. Учурда экинчи этабы жүрүп жаткан курулуш 2015-жылдын май-июнь айларына бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.

Өткөн жылдын 14-ноябрында Оштогу эстакада көпүрөгө арналып өткөрүлгөн марафондо тартылган сүрөттөр баяны.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG