Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Ооганстан: волейбол матчындагы жардыруудан кеминде 50 киши каза болду


Ооганстандын Пакистан менен чектешкен Пактика провинциясында волейбол боюнча таймаш маалында жанкечтинин чабуулунан кеминде 50 киши каза болуп, 60тай адам жараат алды. Маалыматтарга караганда, 23-ноябрдагы оюнда жанкечти эл көп топтолгон жерге кирип барган. Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах мелдеш учурундагы жардырууну айыптап, “дүйнө жүзүндө тынчтыкты бекемдөөчү спортко чабуул болуп эсептелет. Бей күнөө адамдардын өмүрүн алган бул жапайы зомбулук көрүнүшүн айыптайм”, - деп белгиледи. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Пактика провинциясы Ооганстандын тынч эмес аймактарына кирет. Согушкерлер жана “Ал-Каида” террор уюмунун мүчөлөрү көбүнчө ушул аймак аркылуу өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG